Ысык-Ата РИИБнын ыкчам кызматкерлери уюлдук телефон уурдаган деп шектелген аялды кармашты. 2020-жылдын сентябрь айынын аягында жергиликтүү тургун тарабынан Ысык-Ата районунун ички иштер органдарына, Кант шаарында жайгашкан базарлардын биринде баасы 20 миң сомдон ашык уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү болгон.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча КЖБРге катталган.
6-январда Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1960-жылы туулган С.Г. кармалган.
Учурда милиция кызматкерлери кармалган жарандын ушул базардагы уюлдук телефонду уурдоого байланыштуу дагы бир кылмышка тиешеси бар экендигин аныкташты. Сотко чейинки процесстер уланууда.