Instagram, Facebook, Twitter жана Youtube Дональд Трамптын аккаунтун жаап салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

7-январда Инстаграм жана Фейсбук Трамптын аккаунтун 24 саатка, Твиттерин 12 саатка жаап салышты. Мындан тышкары, YouTube платформасы Трамптын Капитолийдин жанындагы тарапташтарына видео кайрылуусун көрсөткөн жок.

Социалдык тармактардын администрациясы мындай видео алардын талаптарын бузат деп ырастоодо. Ошентип, ушул убакыт аралыгында Трамп бул платформаларда эч нерсе жарыялай албайт.

Эске сала кетсек, бүгүн 7-октябрда Дональд Трамптын тарапкерлери Вашингтондогу Капитолийди, андан соң Сенат залын басып алышкан. Ал жерде президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүүгө багытталган жыйындар өтмөк. Айрым адамдар жаракат алышып, бирөө каза болду.

Трамп өз кезегинде демонстранттарды тынчтыкта ​​иш алып барууга жана полицияны колдоого чакырды.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс дагы демонстранттарды Вашингтондогу Капитолийдин алдындагы зордук-зомбулукту токтотууга чакырып, окуяга тиешеси бар адамдардын бардыгы жооп бере тургандыгын билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 17