АКШда “Pfizer” вакцинасын салдырган дарыгер эки жумадан кийин көз жумганын РИА Новости билдирди.
Басылманын маалыматы боюнча, каза болгон дарыгердин жубайы Хайди Некельманн, жолдошу 56 жаштагы Грегори Майкл 18-декабрда эмдөөдөн өтүп, 16 күндөн кийин көз жумганын айткан.
“Менин оюмча, анын өлүмү 100 пайыз вакцинанын айынан болду. Башка вариант жок”, – деди Некелманн.
Анын айтымында, Майкл сергек жашоо мүнөзүн тутунган.
Эмдөөдөн үч күндөн кийин дарыгер колу-бутундагы кызыл тактарды байкаган. Текшерүү учурунда пациентке тромбоциттер жетишсиздиги диагнозу коюлган.
Белгилей кетсек, америкалык “Pfizer”жана анын Германиялык өнөктөшү “BioNTech” компаниялары тарабынан иштелип чыккан. Европа Биримдиги тарабынан бекитилген Covid-19га каршы биринчи вакцина болуп саналат.