Ош шаарында акча салынган баштык табылды деп жазат Turmush басылмасы. Жергиликтүү тургун өзүн тааныштыруудан баш тартты. Эгерде ал акчанын ээси табылбаса, аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп берем дейт.

Акчаны анын аялы таап алган. Ал жерде көпкө туруп, бирок эч ким келген эмес.

«Акчаны И.Раззаков атындагы парктын жанынан таптык. Ары-бери өткөндөрдөн сурадык, андан соң социалдык тармакка жаздык. Баштыкты ачып болжол менен 10 миң сомду эсептедик. Мунун бардыгы видеого тартылган. Балким, бул акчаны кимдир бирөө атайын чогултуп жүргөндүр. Жоголгон адам 0771055977 номери менен байланышса болот. Эгер бүгүн ээси табылбаса, акча милицияга өткөрүлөт», – деди жаран.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 148