Депутат Жанар Акаев өзүнүн социалдык баракчасында  жубайын сабады деген маалыматка жооп жазды.

Социалдык тармактарда Жанар Акаев өз жубайын сабап, жубайы бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Маалыматты 24.kg сайты ИИМдин тастыктоосуна таянып жазып чыккан.

Жанар Акаев өзүнүн  социалдык тармактагы баракчасына бул окуя боюнча жооп жазган.

Урматту достор! Өзгөчө журналисттер. Жанар Акаев аялын сабады деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Андай болушу мүмкүн дагы эмес. Муну кайсы булак, эмнеге таянып билдирди? Же ар бириңерди үйгө чакырайынбы? Баса белгилеп айтып коёюун, андай болгно эмес, эч качан болбойт дагы.“- деп жазган Жанар Акаев.

Мындан тышкары Жанар Акаевдин жубайы Жыргал Масалбекова да социалдык баракчасында өз билдирүүсүн жарыялаган.

” Менин абалым абдан жакшы. Арызды да эч жака жазган эмесмин”- деп жазган Ж. Масалбекова

Эскерте кетсек социалдык тармактарда Жанар Акаев өз жубайын сабады деген маалымат тараган. Анын толук кандуу тууралыгын  ИИМ тастыктады деген шилтеме менен 24.kg сайты жазып чыккан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 111