Форма-2 жок болсо, калктын добуш берүү активдүүлүгүнүн чыныгы сүрөтү көрүнүп турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева “фейсбук” социалдык жеке баракчасында билдирип өттү.
“10.01.2021 – Жарандык милдетимди аткардым – президент жана башкаруу формасы үчүн добуш бердим.
№ 1209 участогу. Саат 12:00дө калктын 10% жетпеген саны шайлоого катышты. Форма-2 жок болсо, калктын добуш берүү активдүүлүгүнүн чыныгы сүрөтү көрүнүп турат. Урматтуу мекендештер, келечек ар бирөөңүздүн колунда- сиздерди кайдыгер болбой, добуш берүүгө чакырамын”, -дейт Сурабалдиева.