Шайлоо күнү добуш берүүчү жайларды камсыздоо боюнча бир дагы көйгөй болгон жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов бүгүн, 10-январда брифингде билдирди.

Анын айтымында, кайрылуулар негизинен шайлоо процесстерине байланыштуу болууда, уюштуруу жагынан кемчиликтер болгон жок.

“Штабдын башкы маселеси жарык, интернет менен камсыздоо болгон. Бул жаатта эч кандай кемчиликтер болгон жок, айрыкча беткап, тазалоочу каражаттар менен камсыз кылууда. Шайлоочулардын ден-соолугун коргоону камсыз кылуу маселелери чечилди“, – деп кошумчалады ал.

Мамытканов ошондой эле даярдануу учурунда штабдын өкүлдөрү аймактарды кыдырганын айтты. Анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шайлоочулардын ден-соолугунун коопсуздугу үчүн УШКларда бир убакта чогулуп калбасын деп, элди атайын саатка бөлүп чакырууну сунушташканын белгиледи.

“Эгерде адамдар бир эле учурда келип калса, анда кыйын болуп калат. Биз сунушту колдодук”,- деди ал.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: