Жапаров жана анын командасы чоң укуктук башаламандыкты жаратышты. Бирок алар кайра шайлоо өткөрбөйт. Бул дагы одоно бузуу. Бул тууралуу юрист Сания Токтогазиева “Фейсбук” социалдык жеке баракчасы аркылуу билдирди.

Токтогазиеванын сөзүн өзгөртүүсуз беребиз:

“Жапаров жана анын командасы чоң укуктук башаламандыкты жаратышты. Бүгүн президентти 2010 конститициянын эрежелери менен шайлап жатабыз. Референдумдан кийин конститиция өзгөрөт, ошого жараша жаңы президенттик шайлоо болушу керек. Бирок алар кайра шайлоо өткөрбөйт. Бул дагы одоно бузуу. Мөөнөтү бүткөн парламент менен конституция кантип ишке кирет? Парламенттик шайлоо качан өтөт? Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу качан өтөт? Кандай эрежелер менен өтөт? Биринчи ирет мамлекеттик органдарды легитимдештирүүгө, өлкөнүн саясий, укуктук жана экономикалык абалын стабилдештирүүгө баардык күчтү жумшагандын ордуна өзүнүн референдум жана конституциялык реформасы менен башаламандыкты жаратты”, -дейт Токтогазиева.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 23