Америка Кошмо Штаттары Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп тааныйт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдирди.

Биз демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупцияга менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну жана эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган Президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз“, – деп маалымдайт.

Ошондой эле Америка Кошмо Штаттары 10-январда орун алган президенттик шайлоого активдүү катышкандыгы менен кыргыз элин куттуктады.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
6
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: