Купвара районунда (Кашмир, Индия) аялдын толгоосу келе баштаганда аябай коркуп кеткен. Себеби ал жашаган аймакты калың кар каптап, транспорт токтогон.
Айласы кетип, кимге кайрыларын билбей, Индия армиясынын жакын жердеги ыкчам базасына чалып, чакырган.
Аскер кызматкерлери төрөттөгү аялды кыйынчылыктарга туш кылган жок. Алар кош бойлуу аялды импровизацияланган замбилге отургузушкан, андан кийин фельдшердин коштоосундагы 2 чакырымдык жолго чыгышкан.
Найтыйжада аскер кызматкерлери тизеден келген карды жөө басып, аялды аман-эсен ооруканага жеткирип эне баланы аман алышып калган.
Маалым болгондой, эне уул төрөгөн.
Heavy snow in Kashmir brings unprecedented challenges for citizens, especially in higher reaches. Watch the Soldier & Awam fighting it out together by evacuating a patient to the nearest PHC for medical treatment. #ArmyForAwam#AmanHaiMuqam pic.twitter.com/DBXPhhh0RP
— PRO Udhampur, Ministry of Defence (@proudhampur) January 7, 2021