Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясындагы (мындан ары АЖМД) коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2021-жылдын 7-январында, Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич кылмышка шектүү катары кармалган.

2021-жылдын 9-январында, Э.Мамыркалиев мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын 2 500 000 сом суммасындагы бөлүгүн өз ыктыяры менен акчалай түрдө төлөп берди.

Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Э.Мамыркалиевге карата үй камагы түрүндө жаза чарасын колдонулганын Финполдон кабарлады.

Азыркы убакта, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финансы полициясы 30га жакын ар кандай рангдагы аткаминерлерди жазык жоопкерчилигине тартты. Аталган коррупциялык схема боюнча келтирилген зыян 20 миллион сомду түздү, анын дээрлик бардык суммасы Финансы полициясы тарабынан кайтарылды.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери аяктоо алдында турат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: