Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов Финансы полициясына суракка чакырылды. Окуянын чоо-жайы белгисиз, бирок Sputnik Кыргызстан телеграм-каналы булактарга таянып бул пандемияга даярданууга байланыштуу деп жазат.
Пандемия башталганда Боронов биринчи вице-премьер-министр болгон, ал эми оору туу чокусуна жетерге жакын жетектеп калган.
Эске салсак, Кубатбек Боронов 9-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен премьер-министр кызматынан бошотулду.