УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жогорку соттун Б.Д.С. аттуу судьясына мыйзамсыз баюу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Маалыматкак ылайык, ал Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштери боюнча соттук коллегиясынын судьясы болуп иштеп турган.
Судья бир канча мүлккө ээлик кылганы менен аны киреше-чыгашасы тууралуу декларациясында көрсөткөн эмес. Анын 20 элиталык турак жайы, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаты жана люкс класстагы бир канча автоунаасы болгон. Кылмыштуу жол аркылуу алган мүлкүн жашыруу максатында мамлекеттик органдарга сатып алуу келишимин каттаган эмес. Кээ бир учурда киреше булагы тастыкталбаган ортомчу адамдардын наамына каттатып койгон.
Аны менен катар Б.Д.С. жакын туугандары (үй-бүлөсү) менен Бириккен Араб Эмирлиги, Түркия, Азия, Европа жана АКШнын курорттук зоналарына тынымсыз барып турганы аныкталган.
УКМК саякаттоого дагы олуттуу каражат керектелерин белгилеп, бул судьянын мыйзамсыз түрдө киреше табарынан кабар берерин айтат. Азыркы тапта Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Учурда тергөөнүн алкагында судьянын декларацияланбаган активдерин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмыш ишинин материалдары Башкы прокуратурага жиберилери айтылат. Алар судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына сунуштама жиберет.

Макала жактыбы?

НетДа
5
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 358