Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун билдирүүсүнө жооп берди.

Эске салсак, Мадумаров билдирүү таратып, анын пикиринде УКМК акыркы шайлоонун жүрүшүнө кийлигишкен деп айткан. Ушунун негизинде Мадумаров Садыр Жапаровду мыйзамсыз шайланган президент деп эсептейт.

Шайдабекованын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөчү шаймандардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана шайлоо участкаларынан маалыматтарды үзгүлтүксүз алуу үчүн БШК шайлоо участкаларынан масштабдуу сигналдык тестирлөөнү өткөрдү.

“Сигналдар атайын корголгон байланыш каналдары аркылуу шифрленген контактсыз формада кабыл алынып, борбордук серверде шифр чечмеленип, натыйжалар автоматтык түрдө сайтта жарыяланып турат. Тестирлөө жакшы жыйынтыктарды көрсөттү“,- деди ал.

Ал тестирлөө участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан гана жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Ал эми БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Мадумаровдун айткандары чындыкка дал келбей турганын, өзүнө кат жүзүндө жооп берилгенин билдирди:

«УКМК – киберкоопсуздукка жооптуу мамлекеттик орган. Шайлоодо алар өз иштерин аткарышты. Ал эми добуш саноого атайын кызматтын бир да өкүлү аралашкан жок»,- дейт.

Макала жактыбы?

НетДа
14
26
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 831