“Пандемияга кимдердин тиешеси бар? Абылгазиев, Боронов, Өмүрбекова. Алардын бардыгы жооп беришет, биз баарын аягына чейин жеткиребиз”, – деди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев бүгүн, 12-январда журналисттерге берген интервьюсунда.

Эске сала кетсек, учурда экс-премьер-министр Кубатбек Боронов сурак берип жатат.

“Пандемия учурунда өзүңөр билгендей миңден ашык адам каза болду. Бир үй-бүлөдөн 3-4 адам каза болгон учурлар дагы болду. Ушуга жол бергендердин баары камалат. Мухаммедкалый Абылгазиев 1-2 жолу сурак берди. Азыр коронавирус менен ооруп жатыптыр, ошондуктан кийинки сурактарга келе алган жок. Кубатбек Боронов сурак берүүдө. Алтынай Өмүрбекова суракка келет. Саламаттыкты сактоонун 2 министринин жоопкерчилиги каралып жатат. Бир аз күтө турсаңар баарын ачыктайбыз. Азыр тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерсени айта албайм”,– дейт Жапыкеев.

Ошондой эле, Жапыкеев гуманитардык жардамдын берилиши текшерилерин айтты. “Канча келди, канча акча кетти” деп комментарий берди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 139