Беловодск айылынын Садовая көчөсүндө кечээ саат 20:00 чамасында 35-40 жаштар чамасындагы адамды сүзүп өлтүргөн. Айдоочу кагылышуудан кийин, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Жөө жүргүнчүнүн денесине оор жаракат келтирилгендиктен ошол жерде көз жумган.

Бир нече сааттан кийин кызматкерлер унааны жана унаанын ээсин табышкан. Ал Петровка айылынын 33 жаштагы тургуну болуп чыгып,  «Ford-Transit» үлгүсүндөгү  унаасын үйүнүн сарайына катып койгон.

Учурда айдоочу кармалып, кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Москва районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: