Европа Биримдиги 10-январда Казакстанда өткөн парламенттик шайлоону “ыраттуу кемчиликтердин” жана “колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрдүн” натыйжасы деп сыпаттады.

Биримдик жети жылдан бери бир да жаңы партияны каттоого албаган казак бийлиги жарандарды тандоо мүмкүндүгүнөн ажыратканын билдирди.

ЕБнын тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Питер Стано шайлоо учурунда фундаменталдуу эркиндиктер чектелгенин, анын ичинде тынч нааразылык өткөргөндөр кармалганын, байкоочуларга кысым көрсөтүлгөнүн белгиледи.

ЕБ өкүлү Казакстанды эл аралык милдеттенмелерин аткарууга үндөдү.

12-январда Казакстандын Борбордук шайлоо компаниясы (БШК) парламенттик шайлоонун жыйынтыктоочу корутундусун жарыялаган. Ага ылайык, «Нур Отан» – 76 мандат, «Ак жол» – 12, Казакстандын калк партиясы – 10 мандат алды. Муну менен мажилистин партиялык курамы 2012-жылдагыдай эле болуп калды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: