Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Беларуссиянын башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

“Сиздин ушул жогорку мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүңүз коомдогу биримдикти жана ынтымакты чыңдоого, социалдык туруктуулукту жана эгемендүү Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга салым кошот деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоодо.

Мындан сырткары Беларуссиянын башчысы Жапаровго чың ден-соолук, бакубатчылык, кыргыз элинин гүлдөп өсүшү үчүн алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: