Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.
Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына расмий жөнөтүлдү.

 

Ошондой эле министрлик ведомстволук мекемелерге аталган ырчыларды белгилүү бир мезгилге чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан мамлекеттик маданий иш-чаралар программасына киргизбөө сунушун бергендиги маалымдалды.

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 108