Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасы каралып ал үй камагына чыкты. Мындай чечим бүгүн 13-январда Ош шаардык соту кабыл алды. Сайпидинов эки ай бою саат 22.00дөн 6.00гө чейин үйдөн чыкпашы керектиги көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, соттун имаратына кирер алдында Сайпидинов күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирген.

11-январда УКМК Сайпидиновду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармаган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмү ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталган. Ошондой эле М.С. айрым жооптуу адамдар менен биргеликте, көрсөтүлгөн объектти сапатсыз аткарылган жумуш менен пайдаланууга беришкен. 

Макала жактыбы?

НетДа
0
4
Loading...

Комментарии

  1. […] Мунарбек Сайпидиновдо Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл уулу. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган. Учурда үй камагында.  […]

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 394