Бүгүн, 13-январда Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов бөгөт чарасын тандоо үчүн Ош шаардык сотуна жеткирилди. Соттун имаратына кирер алдында Сайпидинов күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирген.
“Тергөө жана сот баарын чечет”, – деди Сайпидинов.
Белгилей кетсек, 11-январда УКМК Сайпидиновду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармаган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмү ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталган. Ошондой эле М.С. айрым жооптуу адамдар менен биргеликте, көрсөтүлгөн объектти сапатсыз аткарылган жумуш менен пайдаланууга беришкен.