Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде “каалайбызбы, каалабайбызбы” Кыргызстанда коронавирустун “британиялык” штамм деп аталган жаңы мутацияланган түрү пайда болот деди.

Ал 2020-жылдын январь-февраль айларында, COVID-19 тарай баштаганда, көрүлгөн бардык чараларга карабастан вирус Кыргызстанга киргендигин эске салды.

“Британиялык” штамм буга чейин 41 мамлекетте, айрыкча Россияда катталды. Демек, кааласак да, каалабасак да мутацияланган форма Кыргызстанда дагы пайда болот. Өлкөгө киргенде вирус жуккан жана байланышкан адамдарды аныктоо жана аларды дароо чектөө үчүн биз бардык алдын ала чараларды көрүп жатабыз”, – деп түшүндүрдү Бейшеналиев.

Анын айтымында, коронавирустун жаңы түрү агрессивдүү, катаалыраак, кыйынчылыктар жаштар жана балдарда көп кездешет жана өлүм көрсөткүчү “мурункуга караганда” жогору. Бул учурда дарылоо бирдей – симптоматикалык. Төртүнчү дарылоо протоколу өзгөрбөйт.

Макала жактыбы?

НетДа
5
31
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 3 391