Ош облустук ички иштер башкармалыгынын милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов кол салууга дуушар болгон милиция кызматкерлеринен кабар алды.
“13-январда капысынан кол салууга дуушар болуп жараат алган Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен кабар алып, ден соолугу менен таанышты. Алардын ден соолугу канааттандырарлык. Башкармалыктын башчысы аларга ден соолук каалап, ички иштер министрлиги тараптан тийиштүү жардамдар бериле тургандыгын билдирди жана кылмыштын бетин ачып кылмышкерди мыйзам чегинде жоопко тартуу боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду”,- деп билдирет Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.
Эске салсак, Кара-Кулжада белгисиз адамдын огунан эки милиция кызматкери жарадар болгон. Бул окуяга байланыштуу райондо «Перехват» операциясы киргизилип, тиешелүү жерлерге посттор орнотулду.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 86