Кыргызстанда 10-январь күнү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров 79% ашуун добуш менен алдыга чыкты. Ошондой эле өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча Референдумда добуш берилип көпчүлүк президенттик башкарууну колдошту. Эми КР премьер-министр кызматына ким келиши мүмкүн? “Элдик медиа” порталы саясат талдоочулардын пикирине саресеп салды.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин пикиринде премьер-министр болуп Артем Новиков же Камчыбек Ташиев келиши мүмкүн.

Россия менен жакшы болуш үчүн Артем Новиковду премьер-министр кызматына коюш керек, бирок Садыр Жапаров өзүнүн досу Камчыбек Ташиевди коет. Тарыхый, кыргыздын логикасы боюнча досун ошол жерге коюшу керек. Анткени экөө жаңы Кыргызстанды курабыз деп жатат. Бирок, геосаясий логика боюнча Артем Новиков болушу керек. Болбосо Россия бизге жакшы жардам бербейт“, -деди.

Москва менен жакшы мамиледе болуу үчүн Артем Новиков премьер-министр кызматында калышы керек деген ойду политолог Марс Сариев дагы колдойт.

“Артем Новиков биринчиден элге өзүн көрсөтүп иштей алды. Ал үстүнөн Москвага дагы барып келди, азыр чындыгында ал жак менен акыбал оор. Россия менен экономика жана саясат жагынан мамилени түзүү үчүн ылайыктуу талапкер болот”,- дейт Марс Сариев.

 

Премьер-министр кызматына Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун дагы талапкерлиги белгиленди. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев Өкмөт башчылыкка үч талапкердин атын атады.

Премьер-министрдин азыркы фигурасы өтө маанилүү. Садыр Жапаровду канчалык революционер, баатыр дебейли ал ошол бойдон калат. Бирок, ишке чыгыш керек. Чек ара маселеси, мамлекеттик коопсуздукту, экономиканы, ички жана тышкы саясатты, социалдык тармакты камтыган киши керек. Менимче, азыр бул тармакка Мыктыбек Абдылдаев татыктуу. Аны менен тең келчү киши жок бүгүнкү күндө, анын саясий салмагы жогору турат. Андан кийин премьер-министрге мурунку мэрибиз Азиз Суракматов жарайт. Бул адам накта прагматик. Мындан тышкары өтө баркты көтөрө турчу, жибектей кыналган ишти туура жолго салып кете турчу бул – Аликбек Жекшенкулов. Мен жогоруда атаган үчөө өтө билимдүү, өтө курч, өз пикирине так турган адамдар

Ал эми саясат таануучу Алмазбек Акматалиев Өкмөт башчылыкка бир топ мыкты кадрлар бар дейт.

“Көпчүлүк коалиция талапкерди көрсөтүп чыгарышы керек. Бул азыр өтө татаал маселе, мыкты кадрлар бар. Менимче кичине күтө турсак бул маселе чечилээр“,- деген ойун “Элдик медиага” билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
17
30
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: