Премьер-министр ким болушун каалайсыз?

10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн Президенттик шайлоодо Садыр Жапаров атаандаштарынан озуп чыкты. Ал буга чейин Премьер-министрлик кызматты аркалап, бирок шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу убактылуу ыйгарым укуктарын токтоткон. Эми ал өкмөт башчылык кызматты тапшырып, КР Президенти кызматына инаугурациядан кийин расмий киришет. Садыр Жапаров шайлоодон кийинки алгачкы маалымат жыйында өкмөт башчы катары кимди көрөөрүн ачыктаган эмес. Ал эми саясатчылар арасында беш алты кандидаттын аты аталса, социалдык тармактарда да тигил же бул саясатчы татыктуу деген пикирлер орун алууда. “Элдик медиа” порталы саясатчылар жана социалдык тармактын колдонуучулары атын атап жаткан инсандар боюнча сурамжылоо кылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь