Жарандык көзөмөл комитетинин мүчөсү Рита Карасартова Курал Чокоевдин чуулгандуу долбоору боюнча сот маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун чечимдерин жокко чыгарса болот деп билдирди.
“Ютуб канал деген бул жеке, эгер КТР аркылуу көрсөтсө эмнени көрсөтүп жатасыңар деп талап кылсак болот”,- дейт Карасартова.
Белгилей кетсек, Нуржигит Кадырбековдун Курал Чокоевге карата жаза берилерин айтып чыккан, бирок Жарандык көзөмөл комитети министрдин мындай билдирүүсү адамдын фундаменталдык укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептеген.