Дөөдүр,келесоо,сасыган чал,
Америкадан акча алат,голубой,ниети кара,кылаарга иши жок пикетчи, өрттөш керек. С.Жапаровго каршы чыкканым үчүн ФБ аркылуу көпчүлүк шайлоочулардын мага берген баалары,мүнөздөмөлөрү мына ушундай. Бул тууралуу жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров “фейсбук” жеке баракчасында билдирди.
Токтонасыровдун сөзүн өзгөртүүсүз беребиз.
“Жаңы эле Президент болуп шайланган С.Жапаровго каршы чыкканым үчүн ФБ аркылуу көпчүлүк шайлоочулардын мага берген баалары,мүнөздөмөлөрү мына ушундай. Айрымдары көчөдө жолугуп эле колдорун кезеп коркутуп сүйлөп опурулушат. Мындайга биринчи жолу кабылган жерим жок,ар кимдин ашынган балит сөздөрүн угуп жүрүп кулагым жедеп бышып бүткөн.Ошондуктан жүрөгүмө жакын кабыл албайм дагы.Коомдогу болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган активдүү жаран катары эле өз пикиримди айтам., туура эмес иш аракеттерди сындайм.Бул өзүмдун укугум. Мындай жүрүм-турумум үчүн мени кимдир-бирөө кемсинтип,жеке керт башыма асылганга эч акысы жок.Мазеңерди алып,чын эле ачууңарга тийип атсам күчүңөрду соц.түйундө көрсөтүп,өнөрүңдү көчөдөн чыгарып беймаза болбогулачы агалар-ин лер,эжелер жана карындаштар. Убараланбай милицияга,сот органдарына “кайрылсаңар факт жүзүндө.
Ошол жактан аныктап алабыз: күнөө Сиздеби же мендеби?.Болбосо, акыйлашкандан пайда жок.Мен туура эмести туура эмес,коррупционерди так ошондой,Мыйзам бузганды Мыйзам бузду,ууруну үуру деп ачык эле айтам.Мунун эмнеси жаман?Тескерисинче,коомдогу тазалык,акыйкаттык үчүн жакшы да. Андан көрө, унчукпай калбай сиздер да менин катарыма кошулсаңыздар болмок. Таза адилеттүү, Мыйзамдар так ,кынтыксыз сакталган укуктук мамлекеттин жарандары болобуз. Же мындай өлкөдө жашоону каалабайсызбы? Өз уктарыңыз тебеленип,баарын бир гана Хан чечкен, ага көз каранды болуп жашаган система жагабы? Бир келген өмүрдү кор болбой татыктуу жашап өтүү так өзүбүгө да байланыштуу болоорун унутпасак”,  –  дейт Токтонасыров.

Макала жактыбы?

НетДа
8
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 653