Алинин оозун убагында жаап койгондо карапайым калк бүгүн мынчалык кыйналмак эмес. Бул  тууралуу фейсбук колдонуучусу Мирлан Ташиев билдирди.
Анын айтымында Али Токтакуновдун Матраимов боюнча иликтөөлөрү карапайым калктын турмушун кыйындаткан.
“Силер герой деген балаңар, карапайым элдин душманы экен, Дордойду талкалап салды…”
Ушул баланы эр жүрөк, патриот деп жүргөндөр кечирип койгула го,
силердин патриоттуңарды карапайым элдин душманы катары эле көрөм.
Кечээ орто Азиядагы менмин деген дордой базарына бардым,
баягы атактуу дордой базар,
“базар эмес эле,мазарга айлана баштаптыр”,
сатуучулардын маанайы жок,
канча айдан бери Кытайдан салдырган товарларыбыз келбей жатат,
өткөндө араң Казакстан аркылуу азыраак товарларыбыз келди,
эми мындан кийин да Казакстан аркылуу товарлар келет же казактардан товар ташып келип иштейбиз деп отурушат,
убагында дордой базарына Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан элдер келип товар алып кетишсе, бүгүн дордойго кирген товар жок базар аңгырап турат, сатуучулардын витриналарында сезонный товарлары жок,
Кыргызстанда жумуш орду жок экендигин баарыбыз жакшы билебиз,
көпчүлүк эл дордой жана Кара-суу базарында иштеп жан багышат,
ушул темпте кетсе дордойдун тагдыры,
ал жакта жан баккан элдин тагдыры эмне болот бир Кудай билет,
анан силер мурда 1000сомго алган батинкаңарды 1500 сомго сатып алып калсаңар Али баатырыңарга рахмат айткыла.
Айтыла турган нерсе Раимдин атын дүйнөгө дүңгүрөтүп,
Кыргызстанга түшүп турган пайданы башка өлкөнүн пайдасына буруп бербей деле,
Раимди акырын жоопко тартып, Алинин оозун убагында жаап койгондо карапайым калк бүгүн мынчалык кыйналмак эмес,
башынан бери айтып келем Алинин кылыгы карапайым элге кыянаттык деп,
аны эл убагы келгенде түшүнөт эми, Раим боюнча аны кааласаңар кууруп жегиле мен үчүн ал эч ким эмес,
элге кесири тийген үчүн бул теманы жазып койдум”, – деп билдирди интернет колдонуучусу Мирлан Ташиев.

Макала жактыбы?

НетДа
47
43
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 4 596