Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган ведомствонун жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2018-2020-жылдары курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптары бузулуп, жеке жана юридикалык жактарга дары өсүмдүктөрүн терүү үчүн уруксат кагаздарын берүүдө мыйзам менен белгиленген төлөө акылары толук ченемде өндүрүлбөй, аталган өсүмдүктөр чет өлкөлөргө чыгарылып кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Натыйжада, Агенттиктин кызмат адамдарынын мыйзамсыз кыймыл аракеттеринен улам мамлекетке 7 290 488 сом зыян келтирилген.

Андыктан, 04.01.2021-жылы Башкы прокуратура тарабынан текшерүү материалдары Кыргыз Республикасынын ЖКнын 320-бер. 2-б. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 74