Бишкекте “Алтуха” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алтынбек Ибраимов кармалды. Бул тууралуу 13-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМКнын маалыматы боюнча, Ибраимов кылмыштуу иерархиядагы маанилүү кызматтардын бирин ээлейт. Ал 13-январда кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
“Кармалган адамга карата анын кылмыш иштерине катыштыгы бар экендиги боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө” деп айтылат билдирүүдө.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин Ибраимов Ички иштер министрлигинде профилактикалык сүйлөшүүгө чакырылган.