Ош шаарындагы Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык орто окуу жайынын эмгек жамааты ырчы Самара Каримованын директор болушуна каршы чыгышууда. Жаңы жетекчи бүгүн жумушка барган. Бирок, көпчүлүк кызматкерлер Каримова бул ишти тартып кете аларына көзү жетпей тургандарын ачык эле айтышты. Алар азыркы жетекчи Нурлан Каримов ордунда татыктуу иштеп жатканын айтып, жетекчилик кызматтын айынан жумуштары үзгүлтүккө учурап жатканын кошумчалады.

Ошондой эле, дал ушул окуу жайга жетекчилик орунга отурууда Самара Каримованын жолдошу Асан Мансуровдун кызыкчылыгы бар экенин да кошумчалашты.

“Маданият министри бул маселени өзү бир келип чечип берип кетсе жакшы болот эле. Жатакана жагыбызды Асан Мансуров менчиктештирип алган, кийин аны мурдагы министр Азамат Жамангулов училищеге кайтарып берген. Азыр Самара Каримова ошого умтулуп жатат”,- дейт кызматкерлердин бири.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: