УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабанов калп айтып жатканын социалдык тармагына жазып чыкты.
“Бабанов калп айтып коомчулукту адаштырбасын, 09.10.20 болгон тополоңдон кийин биз алар менен жолуккан жокпуз жана “митингди биз уюштурган эмеспиз” деп алардын алдында актанган дагы жокпуз. Казакбаев Р.А. 09.10.20 чейин Бабанов менен жолукканбыз деп калп айтууга жол бербейт, Бабанов калп айтып жатканын дагы бир жолу тастыктайм. Ал Атамбаев жана башкалар менен бирдикте элден бийликти алуу үчүн аянтка келген. 09.10.20 митингде чагымчыл болгондорду териштирип жазалайбыз” , -деди Ташиев.
Белгилей кетсек, саясатчы Өмүрбек Бабанов 9-октябрдан кийин өзүнүн демилгеси менен Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров менен жолукканын айтып чыккан.

Макала жактыбы?

НетДа
7
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: