2020-жыл ичинде ички иштер органдарынынын аброюн көтөрүүгө зор салымын кошуп, элибиздин коопсуздугу үчүн ак кызматын татыктуу аркалай алган алдыӊкы кызматкерлер «2020-жылдын мыктысы» наамына татышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзүнүн кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө зор салым кошкондугу үчүн, 2020-жылдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү боюнча өткөзүлгөн «Кесиби боюнча мыкты» сынагынын жыйынтыгынын негизинде кызматкерлер көпчүлүктүн арасынан суурулуп чыгып мыкты наамына татыктуу болушкан.

ЖКККББнын жетекчилик курамы мыкты наамына арзыган кызматкерлерди куттуктоо менен бирге өз кызматына терең берилгендиги үчүн, мамлекеттин коопсуздугун, эл коопсуздугун, жол коопсуздугун өз өмүрүнөн бийик көрүп ак ниет менен кызмат кылгандыгы үчүн, бул кызматкерледи ардак лентасы жана грамотасы жана акчалай сыйлыктарды ыйгарышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
1
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: