Кыргызстанда жылына жумушка жарамдуу жарандардын саны 300 миңге жетет. Бирок мамлекеттин экономикасы булардын бардыгына жумушчу орун түзүп бере албайт деген ойун Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат кечээ, 20-январда парламентте “мигранттарды эшелон-эшелон менен Россияга кетирүү керек” деген сөзү боюнча бүгүн түшүндүрмө берди.

“Эшелон деген бир нерсе удаа-удаа кетсе ошону эшелон деп коет. Бул термин негизинен аскер кызматында көп колдонулат. Мен өзүм сураштырып чыктым. Мисалы, 10 чакты вагон менен бир курам кетип жатыптыр. Ошондо 2-3 курамды удаа-удаа жиберсек бул – эшелон болуп калат. Мен айткан термин мына ушундан келип чыккан. Муну эл жакшы түшүнбөй калганбы билбейм“, – дейт депутат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
6
12
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: