Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаркүл Нурбаева каза тапты. Ал 61 жашта болчу.

“Конгантиевдин жубайы Таластагы 2010-жылдагы кандуу каргашалуу окуяны сыналгыдан көргөндөн кийин эс-учун жоготуп, кайра өзүнө келген эмес”, – деп жазат nazarnews.

Муса, жубайын 10 жылдан бери алпештеп карады, даарылатпаган жери калбады. Мен бир эле сөздү айтып кетейин, кыргыздын жигиттери Мусадай аял затын сыйлаганда, көп аялдардын көз жашы төгүлбөйт болчу. Мусанын аял затынын барктаганын, баалаганын, урматтагынын, сыйлаганын көрүп көзүмө жаш алдым. Бир күндүк эскерүүнү элдин эсине салайын, Мусанын жубайын туулган күнүндө көрүп калдым. Так силер көрүп турган сүрөттөгүдөй…Азыр Мусаны түшүнүп турам, кайрат кылат. Ал бекем инсан, аны менен сыймыктанам. Кесиптик жагынан ала турган болсок, чыныгы генерал деп Мусаны айтса болот, өзүнүн жеке жашоосу турмак, ажалга тике караган кыргыздын мыкты жигити!” – деп эскерди Молдомуса Конгантиевдин жакын досу.

Белгилей кетсек, Конгантиев Молдомуса Ташболотович 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп иштеген.

 

Макала жактыбы?

НетДа
51
6
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: