Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевге каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “24.kg” маалымат агенттиги өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кылмыш иши жерди мыйзамсыз трансформациялоого байланыштуу. Ишти Аскердик прокуратура тергейт.

Абдил Сегизбаев мурдакы президент Аскар Акаевдин пресс-катчысы, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана УКМКнын төрагасы болуп иштеген.

Ал акыркы президенттик шайлоого катышып, шайлоодон кийин өзүн Садыр Жапаровдун оппозиция деп жарыялаган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 50