Башкармалыктын Төрагасы аэропорттун жана аэровокзалдын аймагын кыдырып, текшерүү жүргүздү.

Иш сапардын жүрүшүндө Бактыбек Сыдыков облустук аэропорттун бардык кызматтарынын кызматкерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү, ошондой эле жакынкы келечекке пландаштырылган долбоорлор, кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, аэропорттун толук кандуу иштеши үчүн техникалар менен жабдууларды жабдуу жана жаңыртуу тууралуу айтты. Ысык-Көл филиалын жоюу жана кызматкерлердин “Манас”эл аралык аэропорту” ААКна өтүүсү тууралуу маселелер көтөрүлүп, натыйжада эмгек акынын 7% дан 9% га чейин көтөрүлүшү, окутуу жана квалификациясын жогорулатуу ж.б. маселелер каралды.

Башкармалыктын төрагасы 2021-жылы аймактык аэропортторду өнүктүрүүгө жана жаңы рейстерди тартуу маселелерине максималдуу көңүл буруларын дагы белгиледи.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: