Бишкекте тургун Алексей Навальныйдын орус оппозициясындагы саясатын колдоп, жалгыз пикетке чыкты.
Нааразычылык акциясы Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын айланасында өттү.
Эркек киши колуна: “Навальныйга эркиндик!” деп жазып алган. Анын айтымында, милиция кызматкерлери плакатты тартып алышкан.
Эскерте кетсек, Алексей Навальный Шереметьево аэропортунан Германиядан учуп келгенден кийин кармалган. Ага карата 30 күн камакка алуу түрүндө (15-февралга чейин) алдын алуу чарасы тандалды. Бүгүн Орусиянын шаарларында Навальныйды колдогон митингдер өтүп жатат.
Бишкекчанин Дмитрий вышел поддержать Навального pic.twitter.com/WIRl5wFFSy
— Шавкат Тургаев (@Devu6kinMakar) January 23, 2021