Россияда оппозиция лидери Алексей Навальныйга тыюу салынгандыгына карабастан, аны колдогон ири нааразычылык акциялары башталды. Коопсуздук кызматкерлери мыйзамсыз нааразычылык акцияларынын катышуучуларын массалык түрдө кармоодо.

Хабаровск менен Владивостокто демонстранттарды жапырт камакка алуу башталды. Ошондой эле, митингдер Магадан жана Южно-Сахалинск шаарларында өтүүдө.

“Deutche Welle” басылмасы жергиликтүү булактарга шилтеме кылып жазгандай, ОМОН элди массалык түрдө камап, шаарлардын көчөлөрүн жаап жатат.

Ал арада, Москвадагы Пушкинская аянты алдыдагы нааразычылык акциясына бир нече саат калганда толугу менен тосулган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 233