Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу, Ысык-Көл облусунун Жол кайгуул кызматынын инспекторлору иштин күчөтүлгөн режимине өтүштү.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун кар жаап жаткан бөлүктөрүндө жол кырсыктарын алдын алуу максатында, жолду тазалоо жана инерттик материалдарды өз убагында себүү боюнча ДЭПтин көрсөтмөлөрү берилди.
Аймакты No32 ДЭП тейлейт.