Анжелика Кайратова балдары менен кырсыкка кабылды. Ырчы жана анын кызы оор жаракат алышкан. Бул тууралуу 24-январда АКИpress агенттиги жазып чыкты.

Түп районунун Балбай айылынын аймагында Караколдон Бишкекти көздөй бара жатып, ичинде 4 адамы бар унаа жолдун тайгактыгынан улам жолдон чыгып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 6 жаштагы Айлин Бекболиеванын эки буту сынган.

Ырчы өзү омуртканын кысылган сыныгын алган. Алар Түптөгү ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Алар 24-январда Бишкекке сапар алышкан . Анжеликанын досу Лексус-570 унаасын айдап бара жаткан, ал эми ырчы өзү эки кызы менен кошо унаада болгон.

«Кудуреттүү Кудайга мактоолор болсун. Дарыгерлерге чоң рахмат. Баарыңыздарга рахмат, дубаларыңар жана тилектериңиздер кабыл болсун. Бизде баары жакшы ”, – деп жазган Анжелика Instagram баракчасына.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: