Бүгүн, 24 январда UFC уюмунун мурдагы чемпиондору Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин ортосундагы кармаш Абу-Дабидеги “Мушкерлер аралында” өттү.
Беттештин 2-раундунда Дастан Порье Конор Макгрегорду накаут менен жеңип алды.
Мушкердин кайсынысы таймашта өзгөчөлүк көрсөтсө, бул дивизиондун чемпиону Хабиб Нурмагомедов аларга чыгары мүмкүн экенин айткандан кийин аталган беттештин куну өскөн болчу.