Билим берүү жана илим министрлиги менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өлкөнүн билим берүү мекемелеринде баш кийим кийип жүрүү боюнча биргелешкен түшүндүрмө беришти. Өкмөттүн чечиминде баш кийим (калпак, жоолук, орогуч, бандана ж.б.), ободок кийүүгө (тагууга) эч кандай чектөөлөр камтылган эмес деп айтылат. Ошондуктан, билим берүү системасы жоолукчан кыздардын билим алуу укугун камсыздоого милдеттүү деп билдирди.

“Билим берүү уюмдарынын администрациялары көрсөтүлгөн себептерден улам окуучулардын билим алуу укугун чектебеши керек. Алар өздөрүнүн түздөн-түз милдети болгон калкка сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө басым жасоосу кажет”- деп белгиленет.

КРдин Конституциясы жана “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жарандар жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.

КРдин Өкмөтү 2015-жылдын 12-августунда КРдин жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын мектеп формасына карата Бирдиктүү талаптарды бекиткен.

Аларга ылайык: эркек балдар үчүн мектеп формасы ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджактан турат, ал эми кыздар үчүн классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджактан турат;

окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, өңү, фасону кийимдин классикалык стилинде болууга тийиш, ал эми окуучулардын сырткы көрүнүшү тыкан болушу керек;

спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: