2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп ар бир партия 5 миллион сомдон күрөө койгон. Кийин шайлоо өткөн жок деп табылган соң, коомдо партиялардын ар бирине акчаны кайра кайтарып берүү боюнча суроолор пайда болду. Депутаттар жана саясий эксперттер бул канчалык деңгээлде мүмкүн экендигин жана кайсы саясий партиялардын акчасы артка кайтарыларына ой бөлүштү.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев мыйзамга ылайык күрөө шайлоочулардын 5% босогосунан өткөн партияларга кайтарылып берилет деп эсептейт, бирок бул кырдаал талаштуу болуп калды деген ойдо.

Өз кезегинде депутат Рыскелди Момбеков БШК шайлоого катышкан бардык партияларга 5 миллион сом күрөөнү кайтарып берүүгө милдеттүү дейт. Анткени шайлоо жараксыз деп табылды.

Бирок саясат таануучу Игорь Шестаков акча 5% босогодон өткөн партияларга сөзсүз кайтарылып берилиши керек деп эсептейт, ал эми калгандары күрөөнү кайтарып бериши керек экендигин далилдей турган адвокаттар аркылуу аларды коргошу керек деген пикирин бөлүштү.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: