Кытайдын Ухань шаарына барган эл аралык эксперттер экспертиза жүргүзүү учурунда күнөөлүү адамдарды табууга кызыкдар экенин маалымдады деп билдирди “NBC News” чет элдик басылмасы.

Сюжет жасаган журналисттер былтыр жазда Ухан шаарындагы вирусология институтунун илимий базасын жоюп таштаганын аныкташкан. Ал жерде 20 миңдей жазуу болгон. Ушул материалдардын негизинде кытайлык адистердин пандемияга чейин эмне менен алектенгенин билүүгө мүмкүн болгон.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти кытайлыктар буга чейин жарыяланбаган маалыматтарды беришкенин айтты. Бирок эксперттер тобу алгач аны кеңири изилдеп чыгышы керек экенин билдиришти. .

“Бул чындыгында саясий негиздеги илимий сапар жана күнөөлүүлөрдү табуу. Бирок кантсе да илим артыкчылыктуу орунду ээлейт, анткени фактылар далилдеп турат”, – деген эксперт Петр Дацзак.

Бирок, белгилүү кытайлык вирусологдор инфекция аталган аймакта пайда болгон дегенге макул эмес. Алардын катарында Кытайдын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун башкы эпидемиологу Ву Цзюню дагы бар. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери мындай тыянак чыгарууга азырынча эрте дешет. Себеби изилдөө иштери аягына чыга элек. Бирок, айрым окумуштуулар жаңы вирус Кытайдан чыккан деп эсептешет.

“Оорунун башталышы Ухань шаарында  деп ишенимдүү айта алабыз” , -деп кошумчалаган эволюционист биолог Тревор Бедфорд.

Буга байланыштуу окуянын автору Кытайда ондогон журналисттер жана COVID-19 жөнүндө ачык айткан адамдар камакка алынгандыгын эске салды. Бирок ДССУнун эксперттер тобу вирустун булагы дагы деле иликтениши керек деп айтушууда деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: