Таласта 40 уюлдук телефонду уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын октябрь айында уюлдук телефон сатуучу дүкөндөн 40 мобилдик аппарат жана 56 миң сом уурдалгандыгы тууралуу билдирүү келип тушкөн.

Факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси “Уурулук” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Укук коргоо кызматкерлери айрым телефондор Бишкек шаарынын базарларына сатуу үчүн алынып келингенин аныкташты.

Учурда 48 жаштагы шектүү кармалып, ал уурдалган буюмдардын жарымын Казакстанга жана Россияга сатуу үчүн жиберип, калганын Кыргызстанга сатканын айткан.

Мындан сырткары кармалган адам жабырлануучуларга материалдык чыгым төлөп берүүгө даяр экенин билдирген.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: