Казакстандын атын ааламга тааныткан таланттуу ырчы Димаш Кудайбергендин чыккан тегине катыштуу акыркы күндөрү интернетте ар кандай имиштер тараганы маалым.  Казакстандык таланттуу ырчынын чындыгында кыргыздарга тиешеси барбы? Бул суроого, ырчынын атасы Канат Айтбаев жооп берген. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

“Чоң атам каза болгондо, менин атам Кудайберген тогуз гана жашта эле. Атабыздын мурасына берилген Аязбай чоң атабыз иниси Кудайбергенди тарбиялап, ага Барактын Тлеубай жана Жакайымдын Талпагынын бардык туугандары жана жакындары кам көрүшкөн. Менин атам Жакып менен Барактын уулу болуп чоңойгон. Кудайга шүгүр, азыр эки уул, бир кыздуу болдук. Ата-энебиз менен бирге  ​​жашайбыз. Ала-Тоонун коюунун мекендеген кыргыз улутуна эч кандай катышыбыз жок”, – деп билдирген ырчынын атасы Канат Айтбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө Димаш Кудайбергендин кыргыз уруусунан экенин айткан видеосу тараган.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
5
29
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: