Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сынчыларга кайрылды.
“Урматтуу Кыргызстандыктар!
Соцтүйүндөрдө фейк аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышат.
Кээ бир оюу бузук сайттар, журналисттер да бар. Мисалы, каржы полициясы ички иштер министрлигинин алдына барат экен деген маалыматты таратышты. Миграция министрлиги саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат экен деп, талкуу жаратышты.
Өкмөт чечим кабыл алып, официалдуу түрдө билдирүү таратмайынча ишенбеңиздер. Ар бир жасалып жаткан ишибиз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана болот. Айрым иштердин жыйынтыгы үч айдан беш айга чейин жемишин берет.
Ошондуктан ар бир жасалган кадамды сындаардан мурда, жыйынтыгын күткүлө урматтуу сынчылар. Жыйынтыгы элдин, мамлекеттин пайдасына чыкканда өзүңөр эле уят болуп каласыңар.
Мурдакыдай бир топтун кызыкчылыгы үчүн жасалчу иштерди түп тамырынан жок кылдык”, -деп билдирди өлкө башчы.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: