“Өлкө башчы Садыр Жапаров менен маселени түздөн-түз сүйлөшүп чечкенге мүмкүнчүлүгүм бар”. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Аксай айыл аймагынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

“Чек арада эмне болсо мен ошого жооп берүүгө милдеттүүмүн. Ошондуктан менин өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмө жараша, өзүңүздөр жакшы билесиздер мамлекет башчысы Садыр Нургожоевич менен кат алышып кабарын күтүп отурбай түздөн сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүгүм бар. Ошол мамлекет башчысынын мүмкүнчүлүгүн колдонуп туруп, маселелерди чечебиз”, – деп билдирди Ташиев.

Эске салсак, буга чейин  Баткен, Ала-Бука райондорунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандарынын ортосунда жер тилкелерине  байланыштуу бир нече ирет  чыр-чатактар орун алган.  Буга байланыштуу андагы жергиликтүү тургандар нааразычылыгын билдиришип, тез аранын ичинде бийликке  чек ара маселесин  чечүүнү талап кылышып келет.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 118