КР Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова каза болгон уулун жоктоп жазды.
“…Бишкекке келдим…
Алты айлык азалуу көңүлүмдү кайрадан кара булут каптап, сай-сөөгүм сыздап, уулум Эркинди эскерип олтурам… Ал жашаган үйүбүз… комнатасы…күндөлүк урунган буюм тайымдары… өз колу менен тыкан жыйналган кийимдери… ирээттүү илинген костюм- шымдары… баламдын жыты кете элек көйнөк-көнчөктөрү… кийилбей сыны кеткен бут кийимдери… пальтолору… өзү жактырып мандайына тизип алган Сайкалдын, Кыз бурактын сыйлык-статуеткалары… 4 ай айдаган “Матиз” авто машинасы… чет өлкөлөрдөн келген эстелик белектер , тарелкалар ж.б.у.с. баламды кайрадан эсиме салып, азап- кайгым жаныланып, каңырыгым түтөдү…Баламды жоктоп өңгүрөп ыйлап жаттым…
Экошам, сени аябай сагындык ..алдыңа барып жатып алайын деймин, бирок арга жок экен кулунум…. Жараткандын айтканы менен жашайт экенбиз……Айтып бүткүс арманым, ат көтөргүс дарманым, бейкубар болсун жаннатың, бейишин берсин аллахым….Күйүттөн күйүп чок болгон апаң , эми сенин арбагыңа багыштап дубаа окуу менен өмүр кечирет… Аллахым акыретиңди абат , рухуңду шат кылсын ! Кабырың нурлуу, чын дүйнөң жылуу болсун! Бейиште периште сымал учуп -конуп, , ойноп-күлүп жүрүшүңдү кудайым насип этсин!”, -деп жазган ал.

Макала жактыбы?

НетДа
13
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: